# 29-берене. Календардык мүчөлүк акылар

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963); 25.07.2016 [Закон КР от 25 июля 2016 года № 138 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111419); 04.07.2013 [Закон КР от 4 июля 2013 года № 113 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/203921); 29.04.2009 [Закон КР от 29 апреля 2009 года № 139 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=965220..965222>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 29-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-29

---

1. Банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар жыл сайын тийиштүү түрдө банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын жалпы депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызы өлчөмүндө календардык мүчөлүк акыларды төлөп турууга тийиш.

Мүчөлүк акылардын эсептелген өлчөмү ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мааниден кем болбогон өлчөмдө депозиттерди коргоо Фондун түзүүнүн жана колдоонун зарылдыгынан улам Агенттик тарабынан Улуттук банк менен бирдикте эсептелип чыгат.

2. Жалпы депозиттик база ушул статьянын 5-бөлүгүнө ылайык эсептешүү мүчөлүк акы жүзөгө ашырылган мурунку кварталдан кийинки кварталда (эсептик квартал) аяктаган бир жылдык мезгил үчүн орточо күндүк негизде эсептелип чыгат.

3. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн биринчи календардык мүчөлүк акы тийиштүү түрдө банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын жалпы депозиттик базасын 1/360 га, жылдык 0,2 пайызга көбөйтүү жана ушул Мыйзамдын 20-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык депозиттерди коргоо системасына кабыл алынган датадан тартып эсептик квартал аяктаганга чейин калган күндөрдүн санына көбөйтүү жолу менен эсептелет.

4. Кепилденген учур келгенде банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн мүчөлүк акылар ушул беренеге ылайык анын келген күнүнө карата эсептелинет.

5. Календардык мүчөлүк акылар кварталдык негизде, эсептешүү кварталынан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирилбестен төлөнүп берилет.

6. Депозиттерди коргоо Фондуна мүчөлүк акылардын суммасы төлөнбөй калган же толук эмес төлөнгөн учурда, мүчөлүк акылар акцептсиз тартипте жүзөгө ашырылат, бул банк-катышуучу, микрофинансылык компания-катышуучу, турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучу жана Агенттик менен келишим түзүүдө каралышы керек.

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 139, 2013-жылдын 4-июлундагы № 113, 2016-жылдын 25-июлундагы № 138 , 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-30)
