# 28-берене. Иштеп жаткан банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акылары

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 25.07.2016 [Закон КР от 25 июля 2016 года № 138 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111419); 29.04.2009 [Закон КР от 29 апреля 2009 года № 139 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=965220..965222>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 28-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-28

---

1. Иштеп жаткан банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акылары тийиштүү түрдө банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын жалпы депозиттик базасынын жылдык 0,2 пайызынын деңгээлинде, ушул Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген максаттуу маанилерге жетишүү үчүн белгиленет.

2. Иштеп жаткан банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акылары ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн кийинки кварталдан баштап төлөнөт.

3. (КР 2016-жылдын 25-июлундагы N 138 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Мүчөлүк акылар кийинки кварталдын эсебинен айдын 15-числосунан кечиктирбей ар бир кварталдар аралык негизде төлөнөт.

5. Мүчөлүк акылардын суммасын төлөө төлөнбөгөн же толук эмес төлөнгөн кырдаалда катышуучу-банк, микрофинансылык компания-катышуучу жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучу менен Агенттиктин ортосунда түзүлгөн келишимде айтылгандай мүчөлүк акылар Депозиттерди коргоо фондусуна акцепсиз тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 139, 2016-жылдын 25-июлундагы № 138, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-29)
