# 27-берене. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын мүчөлүк акылары (кирүү мүчөлүк акылары)

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=965220..965222>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 27-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-27

---

(Статьянын аталышы КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. "Жаңыдан түзүлүп жаткан банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар өткөөл" банкты кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзүүчү жаңыдан түзүлүп жаткан банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн тийиштүү түрдө белгиленген минималдык уставдык капиталдын нормативинин бир пайызы суммасындагы кирүү акысын Депозиттерди коргоо фондуна төлөөгө тийиш. Кирүү акысын банк Улуттук банктын уруксатын алгандан кийинки жана лицензия берилгенге чейинки мезгилде, ал эми микрофинансылык компания - лицензиясындагы жеке жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууга чектөөлөрү алынганга чейин жана турак жай-сактык кредиттик компания - айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алганга чейин төлөөгө тийиш.

Банкты кайра түзүмдөштүрүүнүн жүрүшүндө түзүлүүчү "өткөөл" банк кирүү акысын төлөөдөн бошотулат.

2. Банкттар , микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар уставдык капиталын көбөйткөн учурда кошумча мүчөлүк акылар алынбайт.

3. Кийинки календардык мүчөлүк акылар ушул Мыйзамдын 29-31-беренелерине ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-28)
