# 22-берене. Депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучусунун, микрофинансылык компания-катышуучусунун жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучусунун милдеттери

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=965220..965222>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 22-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-22

---

(Статьянын аталышы КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучулары, микрофинансылык компания-катышуучулары жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулары:

1) ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөгө;

2) депозиттерди коргоо системасы жөнүндө жана ага банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын катышуусу тууралуу маалыматтарды банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын бардык бөлүмдөрүндө, банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компания депозиттерди кабыл алууну жүзөгө ашыруучу башка жерлерде Агенттик белгилеген формада жайгаштырууга жана бул маалыматты кардардын биринчи талабы боюнча акысыз негизде берүүгө;

3) банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери тууралу жазууларды Улуттук банк белгилеген форма боюнча жүргүзүүгө;

4) ушул Мыйзамда аныкталган айыптарды жана туумдарды төлөөгө;

5) ушул Мыйзамда белгиленген башка милдеттерди аткарууга.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-23)
