# 21-берене. Банк-катышуучуларды, микрофинансылык компания-катышуучуларын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуларын депозиттерди коргоо системасына каттоо жана реестрлерин жүргүзүү

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=965220..965222>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 21-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-21

---

1. Агенттик депозиттерди коргоо системасында банк-катышуучуларынын, микрофинансылык компания-катышуучуларынын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуларынын реестрлерин жүргүзөт. Банк-катышуучулардын, микрофинансылык компания-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулардын реестрлерин жүргүзүү тартиби Агенттик тарабынан белгиленет.

2. Банкты, микрофинансылык компанияны жана турак жай-сактык кредиттик компанияны депозиттерди коргоо системасында каттоо Агенттик тарабынан аларды банк-катышуучулардын, микрофинансылык компания-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулардын реестрлерине киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

3. Банкты депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучуларынын реестрине, микрофинансылык компанияны микрофинансылык компания-катышуучуларынын реестрине жана турак жай-сактык кредиттик компанияны турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуларынын реестрине киргизгенден кийин, 2 жумушчу күндөн кечиктирбестен бул тууралуу маалымат Агенттик тарабынан банкка, микрофинансылык компанияга жана турак жай-сактык кредиттик компанияга жөнөтүлөт, алар маалыматты алгандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде аны республикалык газетага жарыялоого милдеттүү.

4. Банкты, микрофинансылык компанияны жана турак жай-сактык кредиттик компанияны депозиттерди коргоо системасына каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу үчүн төлөм алынбайт.

5. Ушул Мыйзамда аныкталган депозиттер боюнча компенсацияларды Агенттик төлөп берүү жол-жобосун аяктагандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде, ушул Мыйзамдын 25-беренесине ылайык, Агенттик тарабынан банк-катышуучулардын, микрофинансылык компания-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучулардын реестрлеринен чыгаруу жолу менен банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компания депозиттерди коргоо системасындагы каттоодон чыгарылат.

6. Агенттик 2 жумушчу күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен банк-катышуучуга, микрофинансылык компания-катышуучуга жана турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуга алардын реестрлерден чыгарылгандыгы тууралуу маалыматты жиберүүгө, алар өз кезегинде, 2 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде республикалык газетага жарыялоого жана бул маалыматты алгандан кийин банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын борбордук (башкы) офисинин кире беришине, алардын филиалдарына, сактык кассаларына, өкүлчүлүктөрүнө жана банкоматтарына жайгаштырууга милдеттүү.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-22)
