# 20-берене. Депозиттерди коргоо системасына катышуу

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.12.2023 [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 29.04.2009 [Закон КР от 29 апреля 2009 года № 139 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/202642)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=3722..3771>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 20-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-20

---

1. Ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасында жайгашкан бардык банк-резиденттер, бардык четөлкөлүк банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын филиалдары үчүн депозиттерди коргоо системасына катышуу милдеттүү болуп саналат.

2. Депозиттерди коргоо системасына катышуучу банк "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген нормативдерди сактоого жана милдеттүү талаптарды аткарууга милдеттүү.

Улуттук банк "өткөөл" банктар үчүн "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган нормативдерди жана талаптарды аткаруунун өзгөчө шарттарын жана мөөнөттөрүн белгилейт. Турак жай-сактык кредиттик компания - депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген нормативдерди сактоого жана милдеттүү талаптарды аткарууга милдеттүү. Микрофинансылык компания - депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген нормативдерди сактоого жана милдеттүү талаптарды аткарууга милдеттүү.

3. Улуттук банк депозиттерди коргоо системага катышуучу банк, микрофинансылык компаниялар-катышуучулар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар-катышуучулар үчүн үчүн кошумча критерийлерин белгилөөгө укуктуу.

4. (КР 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 139 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар Улуттук банкка депозиттерди коргоо системасына катышууга табыштама берүүгө, бир эле учурда банк лицензиясын алууга, же болбосо жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алууга болгон лицензияга чектөөнү алып салууга, же болбосо тийиштүү түрдө айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга документтерди тапшырууга тийиш. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар "Банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын жана банк иштерин жүзөгө ашырууга, айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна жана жеке жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алуу үчүн Улуттук банк белгилеген талаптарды аткарууда автоматтык түрдө депозиттерди коргоо системасына кабыл алынат.

Улуттук банктан банк иштерин жүзөгө ашырууга лицензия алгандан же айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алынгандан кийин, же болбосо банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманаттарды кабыл алуусу боюнча лицензияга чектөөлөр алып салынгандан жана Депозиттерди коргоо фондуна кирүүчү мүчөлүк акы которулгандан кийин, Улуттук банк банктык лицензия жана айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилгендигин же жеке жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензиядагы чектөөлөр алынгандыгын ырастоочу кабарламаны депозиттерди коргоо системасына катышуу жөнүндө банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын арызын кошо тиркөө менен жөнөтөт. Улуттук банктын кабарламасы банкты депозиттерди коргоо системасынын банк-катышуучуларынын реестрине, микрофинансылык компанияны микрофинансылык компания-катышуучуларынын реестрине жана турак жай-сактык кредиттик компанияны турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучуларынын реестрине киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Агенттик белгиленген тартипте каттоодон өткөргөн күндөн тартып банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компания депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары болуп калышат. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 139, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-21)
