# 17-берене. Отставка жана кызмат ордунан бошотуу

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.12.2023 [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=3722..3771>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 17-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-17

---

Директорлор кеңешинин мүчөлөрү аларды дайындаган адамдар тарабынан төмөнкү учурларда гана кызматынан бошотулат:

1) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин;

2) жеке арызы боюнча;

3) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталган жазалануучу жазык ишин жасаганда;

4) мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен бышыкталган кызмат милдеттерин аткаруу мүмкүн болбой калганда;

5) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;

6) ушул Мыйзамдын 18 жана 19-беренелеринде каралган талаптарды аткарбаганда (бузганда);

7) Директорлор кеңешинин мүчөсү ыйгарым укуктарын 6 ай катары менен жүйөлүү себептерсиз аткарбаганда;

8) ал өкүлү болуп саналган органдагы негизги ишинен бошотулганда;

9) өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын бузганда жана Агенттиктин кызыкчылыктарына доо кетирген аракеттерди жүзөгө ашырганда, же болбосо ушул Мыйзамды, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузганда, аларды дайындаган адамга карата Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн сунушу боюнча.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-18)
