# 15-берене. Директорлор кеңешинин жыйналышы

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 15-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-15

---

1. Директорлор кеңеши жыйналышты зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрөт. Директорлор кеңешинин жыйналышында кворум 5 мүчөдөн турат. Чечим Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда Директорлор кеңешинин Төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.

2. Директорлор кеңешинин кезексиз жыйналышы Директорлор кеңешинин Төрагасынын же Директорлор кеңешинин 4 мүчөсүнүн демилгеси менен чакырылышы мүмкүн.

3. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын башка бирөөгө өткөрүп бере алышпайт.

4. Ар бир жыйналышта Директорлор кеңешинин катчысы Директорлор кеңешинин жыйналышына төрагалык кылуучу жана катчы кол коюучу протоколду жүргүзөт. Протокол талкууланган маселенин кыскача мазмунун жана Директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн пикирлерин камтууга тийиш.

5. Директорлор кеңешинин чечими Төрага тарабынан кол коюлуучу токтом түрүндө кабыл алынат. Ар бир маселе боюнча Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү кол коюучу жана Директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколунун бир бөлүгү болуп саналган добуш берүү ведомосту жүргүзүлөт.

6. Директорлор кеңешинин чечимдери жана протоколдору дайым сактоодо турат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-16)
