# 14-берене. Агенттиктин аткаруу органы (Башкармасы)

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.12.2023 [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408); 14.07.2015 [Закон КР от 14 июля 2015 года № 162 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111206)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=3722..3771>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 14-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-14

---

(Статьянын аталышы Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Агенттиктин аткаруучу директору жана анын эки орун басары Агенттиктин Директорлор кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан дайындалат. Аткаруучу директор жана анын орун басарлары беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Аткаруучу директор жана анын орун басарлары кызмат ордуна эки мөөнөттөн ашык дайындалышы мүмкүн эмес.

11. Аткаруу органынын (Башкарманын) мүчөлөрү төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгына;

2) жогорку экономикалык, финансылык же юридикалык билимге жана банк чөйрөсүндөгү же депозиттерди коргоо системасы чөйрөсүндөгү 3 жылдан кем эмес эмгек стажына;

3) банк жана/же финансы системаларында жетекчилик кызмат орундарындагы же экономикалык (финансылык) ишке байланышкан кызмат орундарындагы иш тажрыйбасына;

4) "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кынтыксыз ишкердик абройго.

2. Агенттиктин Аткаруучу директору:

1) Агенттиктин Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, Агенттиктин ишинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат;

2) Агенттиктин күндөлүк иши боюнча жооп берет;

3) квалификациялуу персоналды жалдоого жана эксперттерди тартууга жооп берет;

4) депозиттерди коргоо Фондунун каражаттарынын пайдаланылышына, ошондой эле Агенттик жүргүзүп жаткан инвестициялык иштердин ишке ашырырылышына жана анын натыйжаларына жооп берет;

5) Агенттиктин атынан чыгат жана бардык соттук, мамлекеттик органдарда жана уюмдаштыруу-укуктук формасына карабастан, башка мекемелерде жана уюмдарда, ошондой эле жеке ишкерлерге жана жарандарга карата мамилелерде Агенттиктин кызыкчылыгын жактайт;

6) Агенттиктин депозиттерди коргоо тутуму жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча иш-чараларынын планын бекитет.

3. Аткаруучу директор жана анын орун басарлары кызмат ордунан төмөнкүдөй учурларда бошотулат:

1) жеке арызы боюнча;

2) мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмү менен тастыкталган, жазыктык жаза берилүүчү аракет-жосунду жасаганда;

3) кызматтык милдеттерди аткаруусу мүмкүн эмес болгондо жана бул мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен тастыкталганда;

4) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;

5) ушул Мыйзамдын 18 жана 19-беренелеринде каралган талаптарга ылайык келбегенде жана аларды аткарбаганда (бузганда);

6) өзүнүн кызмат орундук ыйгарым укуктарын аткарбаганда жана Агенттиктин кызыкчылыктарын кемсинтүү аракеттерин жүзөгө ашырганда, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн аткаруучу директорду жана анын орун басарларын дайындаган адамга берген сунушу боюнча.

4. Аткаруучу директор жок болгон учурда, анын милдеттери анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-июлундагы № 162, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-15)
