13-берене. Агенттиктин Директорлор кеңеши
Күчүндө · 14.12.2023 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207
1. Агенттиктин Директорлор Кеңеши (мындан ары - Директорлор кеңеши) Агенттиктин төмөнкүдөй 7 мүчөдөн турган жогорку башкаруу органы болуп саналат:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу Министрлер Кабинетинин 3 өкүлүнөн, анын ичинде Экономика жана коммерция министрлигинин бир өкүлүнөн жана Финансы министрлигинин эки өкүлүнөн (коллегия мүчөсүнүн деңгээлинде);
2) Улуттук банк Башкармалыгы тарабынан дайындалуучу Улуттук банктын (Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнүн деңгээлинен төмөн эмес) 3 өкүлүнөн;
3) Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын биргелешкен чечими менен дайындалуучу банк иши жаатындагы көзкарандысыз эксперттен.
2. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүн кошпогондо, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ишин акысыз негизде жүзөгө ашырат. Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүнүн эмгек акысы Директорлор кеңешинин чечими менен аныкталат.
3. (КР 2015-жылдын 14-июлундагы № 162 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө дайындалышат.
5. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү кызмат ордуна удаасы менен 2 мөөнөттөн ашык дайындалышпайт.
6. Директорлор кеңешинин төрагасы жана Директорлор кеңешинин төрагасынын орунбасары жөнөкөй көпчүлүк добуш менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан 2 жылдык мөөнөткө шайланышат.
7. Директорлор кеңешинин төрагасынын орунбасары Директорлор кеңешинин төрагасынын кызмат орду бош же ал убактылуу жок болгон учурда Директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткарат.
8. Агенттиктин Директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча Депозиттерди коргоо фондуна багытталган календардык жана чукул мүчөлүк акылардын өлчөмүн бекитүү;
2) ушул Мыйзамдын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактыруу жана аларды Министрлер Кабинетине бекитүүгө берүү;
3) Агенттиктин уюштуруу түзүмүн бекитүү;
4) аткаруу органынын (Башкарманын) регламентин бекитүү;
5) ички аудит кызматынын/ички аудитордун, тобокелдик-менеджментинин кызматынын/тобокелдик-менеджеринин жетекчилерин, Агенттиктин корпоративдик катчысын дайындоого/бошотууга талапкерлерди жактыруу, алардын отчетторун угуу;
6) аткаруу органынын (Башкарманын) мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу боюнча кошумча талаптарды белгилөө;
7) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча кепилденген учур келгенде, аманатчыларга компенсацияларды төлөө жөнүндө чечим кабыл алуу;
8) Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча инвестициялык саясатты аныктоо, Агенттиктин контрагенттери боюнча чектөөлөрдү белгилөө;
9) Агенттиктин бюджетин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү;
10) Агенттиктин жылдык отчетун бекитүү;
11) Агенттиктин аткаруучу директорунун отчетун жыл сайын угуу;
12) кызыкчылыктардын кагылышы боюнча Агенттиктин комплекстүү саясатын бекитүү;
13) тышкы аудитти жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудитордук уюмду жыл сайын аныктоо, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте Агенттиктин жүргүзгөн аудитинин натыйжаларын алуу;
14) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык милдеттенмелерди жабуу үчүн Агенттик тарабынан каражаттарды карызга алууга макулдук берүү;
15) депозиттерди коргоо системасы жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча Агенттиктин программасын бекитүү;
16) Агенттикти жана депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-июлундагы № 162, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.12.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 июля 2015 года № 162 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы УӨ № 531 (Кызматтан бошотуу тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 19.07.2010 · № 531
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 11-мартындагы № 124 "Дайындоо жөнүндө " буйругуРаспоряжение · 11.03.2019 · № 124
- КР Өкмөтүнүн 2014 жылдын 1-сентябрындагы № 368-б "А.К. Абдраев жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 01.09.2014 · № 368-р
- КР Премьер-министринин 2008-жылдын 18-июлундагы № 278 (Абдраев А.К. жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 18.07.2008 · № 278
- КР Премьер-министринин 2014-жылдын 29-декабрындагы № 554 (КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кызматынан бошотуу жана дайындоо жөнүндө)…Распоряжение · 29.12.2014 · № 554
- КР Премьер-министринин 2018-жылдын 24-июлундагы № 499 " Алыбаев А.Ш. дайындоо жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 24.07.2018 · № 499
- КР Премьер-министринин 2018-жылдын 24-июлундагы № 499 "Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп беш жылдык мөөнөткө…Распоряжение · 24.07.2018 · № 499
- КР Премьер-министринин 2020-жылдын 2-декабрындагы № 648 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 02.12.2020 · № 648
- Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2008-жылдын 18-июлундагы № 277 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө"Распоряжение · 18.07.2008 · № 277
- КР Премьер-министринин 2016-жылдын 10-августундагы № 455 (Кызматынан бошотуу жана дайындоо жѳнγндѳ) буйругуРаспоряжение · 10.08.2016 · № 455 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2015-жылдын 26-ноябрындагы № 559 (У.Т.Карымышаков жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 26.11.2015 · № 559
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202289/st-13" title="13-берене - Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>