# 10-берене. Депозиттерди коргоо боюнча Агенттиктин ыйгарым укуктары

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.12.2023 [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 14.07.2015 [Закон КР от 14 июля 2015 года № 162 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111206)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=3722..3771>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 10-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-10

---

1. Агенттик ушул Мыйзамдын жоболорун аткаруу үчүн зарыл болгон Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ченемдик актыларды иштеп чыгат.

2. Агенттик анын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон келишимдерди жана контракттарды түзүүгө укуктуу.

3. Зарыл болгондо Агенттик ушул Мыйзамда белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдарды жана көзкарандысыз эксперттерди тарта алат.

4. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:

1) банктарга, микрофинансылык компанияларга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга карата "Банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу сунушу менен Улуттук банкка кайрылууга;

2) ушул Мыйзамда аныкталган милдеттерди аткарууга зарыл болгон маалыматтар үчүн Улуттук банкка кайрылууга;

3) банктардан, микрофинансылык компаниялардан жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардан депозиттерди коргоо системасы жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууну жана ушул Мыйзамда аныкталган формада жана тартипте банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын банк, микрофинансылык компания жана турак жай-сактык кредиттик компания тарабынан аманатчыларга кызматтарды көрсөткөн аймактарда депозиттерди коргоо системасына катышуусун талап кылууга;

4) (КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

41) көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароого көмөк көрсөтүү жөнүндө Улуттук банкка кайрылууга;

5) Аманаттар жөнүндө маалыматтарды жүргүзүүнүн банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын аманатчылардын алдындагы милдеттенмелеринин белгилүү бир талаптарына, көлөмүнө жана түзүмүнө ылайык келишин аныктоо, Депозиттерди коргоо фондуна мүчөлүк акыларды төлөө, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген башка милдеттерди банктар, микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар тарабынан аткарылуу маселелери боюнча банктын, микрофинансылык компаниянын жана турак жай-сактык кредиттик компаниянын көйгөйлөрүн баштапкы стадиясында жөнгө салуу процессине Улуттук банк менен биргеликте жана Улуттук банк менен макулдашылган тартипке ылайык катышууга.

6) "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык банкты жоюучунун функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн талапкерлерди тандап алууда талапкер катары жалпы негиздерде катышууга.

5. Агенттик ушул Мыйзамдын 3, 9, 10-беренелеринде белгиленген милдеттердин, ишмилдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинен чыккан иштер менен алектенүүгө, юридикалык жактарды түзүүгө жана катышуучусу болууга, ошондой эле Агенттиктин ишин камсыз кылууга байланыштуу мүлктү кошпогондо, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып алууга укуксуз.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-июлундагы № 162, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-11)
