# 1-берене. Ушул Мыйзам жөнгө салуучу мамилелер

- Документ: [Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202289)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 7-майындагы № 78 "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.12.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.12.2023 [Закон КР от 14 декабря 2023 года № 207 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002408); 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 114 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111963); 25.07.2016 [Закон КР от 25 июля 2016 года № 138 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите банковских вкладов (депозитов)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111419)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289#diff=3722..3771>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3720/edition/965214/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202289/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө, 1-берене (14.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-1

---

1) Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын банктарында, микрофинансылык компанияларында жана турак жай-сактык кредиттик компанияларда аманатчылардын депозиттерин (аманаттарын), турак жай-сактык аманаттарын (депозиттерин) (мындан ары - депозиттерди) милдеттүү коргоо системасын (мындан ары - депозиттерди коргоо системасы) түзүү жана анын иштөөсү боюнча мамилелерди, Депозиттерди коргоо фондун түзүү жана пайдалануу, кепилденген учурлар келгенде аманаттар боюнча компенсацияларды төлөп берүү, ошондой эле Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, Улуттук банктын, мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы мамилелерди жана ушул чөйрөдө жаралган башка мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзам аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуу үчүн жеке адамдардын депозиттерин коргоонун башка ыкмаларына жайылтылбайт.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Депозиттерди коргоо боюнча агенттик тарабынан депозит боюнча компенсацияларды төлөө функцияларын аткаруу бөлүгүндө банктарга, микрофинансылык жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга жайылтылат. Ушул Мыйзамдын жоболору ушул Мыйзамда каралган учурларда гана башка финансылык-кредиттик уюмдарга жайылтылат.

Банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык иштерин жүзөгө ашыруучу банктарга жана микрофинансылык компанияларга карата ушул Мыйзамдын ченемдери банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган спецификаны жана өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен колдонулат.

4. Депозиттерди коргоо системасын түзүү жана анын иштешине байланыштуу келип чыккан мамилелер ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 25-июлундагы № 138, 2019-жылдын 8-августундагы № 114, 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202289/st-2)
