1-берене
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити 2004-жылдын 31-августу № 75) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "айылдардын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу башчылары" деген сөз "айыл округдарынын башчылары" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 2-статьясынын 3-бөлүгүндөгү "айылдардын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу башчылары" деген сөз "айыл округдарынын башчылары" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 7-статьяда:
1-бөлүк алып салынсын: 2-бөлүк "Административдик" деген сөздүн ордуна "саясий жана адми- нистративдик" деген сөздөр менен толукталсын: 3-бөлүк "таасири" деген сөздөн кийин "мамлекеттик кызматкерлерге, аскер кызматчыларына жана" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 12-статьяда:
1-бөлүктөгү "муниципалдык кызматтын" деген сөздөн кийин "саясий жана" деген сөздөр менен толукталсын; "квалификациялык экзамендин же аттестациянын натыйжалары боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырыл- сын."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Саясий муниципалдык кызмат ордунда иштеген муниципалдык кызмат- керлерге Кыргыз Республикасынын 1. 2. жана 3-класстагы муниципалдык ке- њешчиси класстык чини ыйгарылат жана ага аттестация же квалификациялык экзамен өткөрүүсүз ээ болот."; 4 жана 5-бөлүк алып салынсын; статья төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Административдик муниципалдык кызматты ээлеген муниципалдык кыз- маткерлердин класстык чин алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президен- ти тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.".
5. 28-статьяда:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөздөр "Президенти" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүк алып салынсын.
6. 33-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органынын башчысынын" деген сөздөр "кабыл алуу жана бошотуу укугуна ээ жетекчилердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202286/st-1" title="1-берене - "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>