# КР 2008-жылдын 28-апрели № 75 ""Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 28-апрели № 75 ""Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3717/edition/717815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 28-апрели № 75 ""Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202286

---

КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары 2008-жылдын 28-апрели № 75

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

2008-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202286/st-1)

"Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити 2004-жылдын 31-августу № 75) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "айылдардын жергиликтүү өз алдынча

башкаруу башчылары" деген сөз "айыл округдарынын башчылары" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 2-статьясынын 3-бөлүгүндөгү "айылдардын жергиликтүү өз алдынча

башкаруу башчылары" деген сөз "айыл округдарынын башчылары" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 7-статьяда:

1-бөлүк алып салынсын: 2-бөлүк "Административдик" деген сөздүн ордуна "саясий жана адми- нистративдик" деген сөздөр менен толукталсын: 3-бөлүк "таасири" деген сөздөн кийин "мамлекеттик кызматкерлерге, аскер кызматчыларына жана" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 12-статьяда:

1-бөлүктөгү "муниципалдык кызматтын" деген сөздөн кийин "саясий жана" деген сөздөр менен толукталсын; "квалификациялык экзамендин же аттестациянын натыйжалары боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырыл- сын."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Саясий муниципалдык кызмат ордунда иштеген муниципалдык кызмат- керлерге Кыргыз Республикасынын 1. 2. жана 3-класстагы муниципалдык ке- њешчиси класстык чини ыйгарылат жана ага аттестация же квалификациялык экзамен өткөрүүсүз ээ болот."; 4 жана 5-бөлүк алып салынсын; статья төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Административдик муниципалдык кызматты ээлеген муниципалдык кыз- маткерлердин класстык чин алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Президен- ти тарабынан бекитилген ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.".

5. 28-статьяда:

1-бөлүктүн экинчи абзацындагы "Өкмөтү" деген сөздөр "Президенти" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүк алып салынсын.

6. 33-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органынын башчысынын" деген сөздөр "кабыл алуу жана бошотуу укугуна ээ жетекчилердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202286/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
