1-берене
Күчүндө · 19.10.2013 редакциясы
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 3, 135-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 6-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Контролдо турган продукциялардын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилет.". 8-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "Контролдо турган продукциялардын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси, ошондой эле контролдо турган продукцияларды экспортко, импортко жана реэкспортко сандык чектөөлөр жана ошол экспортко чыгарууга тыюу салынган же чектелген өлкөлөрдүн тизмеси боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө киргизилет;".
Берененин тексти 19.10.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Экспорттук контроль жөнүндөЗакон · 23.01.2003 · № 30
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202284/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>