# КР 2008-жылдын 28-апрели № 73 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 28-апрели № 73 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 73
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3715/edition/469815/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 28-апрели № 73 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (19.10.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202284

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 28-апрели № 73 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө (КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамына ылайык )

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202284/st-1)

"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 3, 135-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 6-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Контролдо турган продукциялардын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилет.". 8-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "Контролдо турган продукциялардын Кыргыз Республикасынын Улуттук контролдук тизмеси, ошондой эле контролдо турган продукцияларды экспортко, импортко жана реэкспортко сандык чектөөлөр жана ошол экспортко чыгарууга тыюу салынган же чектелген өлкөлөрдүн тизмеси боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө киргизилет;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202284/st-2)

(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202284/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Президент Кыргызской Республики

К.Бакиев
