# КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 70 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 70 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 70
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202281>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3714/edition/465227/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202281.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 70 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (25.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202281

---

Кыргыз Республикасынын

2009-жылдын 29-декабрындагы N 318 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2008-жылдын 25-апрели № 70

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202281/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Жарчысы, 1998-ж., № 4, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо

киргизилсин:

1. 8-статьянын 2-бөлүгүнүн "а" пунктчасынын биринчи абзацындагы

"бирок он сегиз жаш курагынан ашпаган" деген сөздөр алып салынсын.

2. 9-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жана пособиелер"

деген сөздөр алып салынсын.

3. 18-статьянын 3-бөлүгүнүн "г" пунктчасындагы "он сегиз жашка

толгонго чейин" деген сөздөр "алар окуусун бүтүргөнгө чейин" деген сөз-

дөр менен алмашылсын; "окуусунун түрүнө карабастан" деген сөздөр "билим

алуунун күндүзгү түрүндө" деген сөздөр менен; "алар жыйырма бир жашка

чыкканга чейин" деген сөздөр "алар окуусун бүтүргөнгө чейин, бирок жый-

ырма уч жаш куракка чыккандан ашпаганга чейин" деген сөздөр менен алма-

шылсын;

4. 22-статьяда:

1-бөлүгүндө:

- "б" пунктчасындагы "он сегиз жашка толгондо" деген сөздөр "окуу-

сун бүтүргөндө" деген сөздөр менен алмашылсын;

- "в" пунктчасындагы "жыйырма бир жашка" жана "толгондо" деген

сөздөр тийиштүүлүгүнө жараша "бирок жыйырма уч жаш курагынан ашпаган"

жана "окуусун бүтүргөндө" деген сөздөр менен алмашылсын;

- статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Бийик тоолуу шартта жашаган жана бийик тоолуу жана алыскы аймак-

тардын Тизмесине кирбеген аймактарга туруктуу жашоо үчүн көчүп барган

кары-картањ жарандарга жана баатыр энелерге ай сайынкы социалдык жөлөк-

пул төлөө токтотулбайт. Ай сайынкы социалдык жөлөкпул райондук коэффие-

центти эсепке албастан төлөнөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202281/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн

кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2008-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган
