# 6-берене. Калктуу конуштардын категориялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202276)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 " Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2024 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об административно-территориальном устройстве Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011203)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276#diff=956344..14711>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3709/edition/956343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202276/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу, 6-берене (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-6

---

Мамлекеттик өзгөчө мааниге ээ же өнүккөн өндүрүштүү жана социалдык инфратүзүмдүү, калкынын саны 250 миң адамдан кем болбогон республикалык маанидеги администрациялык, экономикалык же маданий борбор болуп саналган калктуу конуш республикалык маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн. Мындай шаарлар да жергиликтүү өзалдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчө ыкмасы белгилениши мүмкүн. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары башка калктуу конуштардагы жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынан айырмаланышы ыктымал жана алардын мамлекеттик бийлик органдары менен мамилелери өзгөчө мүнөзгө ээ болот. Республикалык маанидеги шаардын статусу мыйзам менен аныкталат. Администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өнөржай ишканалары, коммуналдык чарбасы жана турак жай фонду бар, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 20 миңден кем болбогон калктуу конуш областтык маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн. Администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган, өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмгө, өнүккөн окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелерине ээ, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуш райондук маанидеги шаар категориясына киргизилиши мүмкүн. (Бөлүк КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Өзгөчө учурларда калкынын саны азыраак, бирок администрациялык, экономикалык жана маданий борбор болуп саналган жана андан аркы экономикалык өсүшү жана калкынын саны көбөйүшү жакынкы келечекте боло турган калктуу конуштар тийиштүү маанидеги шаарлар категориясына киргизилиши мүмкүн. Ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем болбогон, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуштар айыл категориясына киргизилиши мүмкүн. Айылдын курамында кыштактар жана конуштар уюштурулушу мүмкүн. Өзгөчө учурларда алыс жана баруу кыйын болгон, калкынын саны аз конуштар айыл категориясына киргизилиши мүмкүн. (КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-7)
