# 5-берене. Калктуу конуштар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202276)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 " Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2024 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об административно-территориальном устройстве Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011203)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276#diff=956344..14711>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3709/edition/956343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202276/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу, 5-берене (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-5

---

Жарандардын туруктуу жашоочу орду болуп эсептелген, жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоо үчүн зарыл керектүү турак жайы жана курулуштары, өзүнүн аталышы жана тийиштүү тартипте аныкталган аймактык чектери бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эсепке алынган жана катталган Кыргыз Республикасынын аймагынын калк тыгыз отурукташкан бөлүгү калктуу конуш болуп саналат. Калктуу конуштар шаардык жана айылдык болуп бөлүнөт. Шаардык калктуу конуштарга шаарлар (республикалык, областтык жана райондук маанидеги), айылдыкка - алардын администрациялык баш ийүүсүнө карабастан, айылдар кирет. Убактылуу маанидеги жана калкынын курамы туруктуу болбогон же кызматтык багыттагы объекттер болуп саналган, анча чоң эмес конуштар (токойчулардын үйлөрү, талаа стандар, метеостанциялар, жол оңдоочулардын үйлөрү, алыскы жайыттардагы чабан үйлөрү ж.у.с.), ошондой эле жалгыз үйлөр өз алдынча калктуу конуш болуп эсептелбейт жана чарбалык, администрациялык жана аймактык жактан байланышкан калктуу конуштардын эсебине киргизилет. Калктуу конуштар жашаган калкынын санына жана өнүгүү деңгээлине, өндүрүшүнүн жана социалдык-маданий инфратүзүмүнүн адистештирилгенине жараша белгилүү категорияларга кирет. Тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикти башкарууну жүзөгө ашыруу ыйгарым укугу берилген мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун органдары жайгашкан калктуу конуштар администрациялык-аймактык бирдиктердин администрациялык борбору болуп саналат. (КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-6)
