# 4-берене. Администрациялык-аймактык бирдик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202276)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 " Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2024 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об административно-территориальном устройстве Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011203)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276#diff=956344..14711>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3709/edition/956343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202276/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу, 4-берене (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-4

---

Администрациялык-аймактык бирдик мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алардын чектеринде мамлекеттик башкарууну же өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырган бир же бир нече калктуу конуштардын аймактарынан жана калк отурукташпаган башка аймактардан турат. Мейкиндик чектерин, тийиштүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын аныктоо максатында ар бир администрациялык-аймактык бирдик үчүн аталышы, чек арасы жана администрациялык борбору белгиленет. Республикалык маанидеги шаарлардын аймактары жарандардын социалдык-маданий жана тиричилик керектөөлөрүн канааттандыруу, укук тартибин коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо менен байланышкан чечимдердин аткарылышын оптималдуу уюштуруу максатында зарылчылыгына жараша өз алдынча администрациялык-аймактык бирдик болуп эсептелбеген райондорго бөлүнөт. (КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-5)
