3-берене. Администрациялык-аймактык түзүлүштүн негизги принциптери
Күчүндө · 18.07.2024 редакциясы · 1-глава
Администрациялык-аймактык түзүлүш төмөнкү принциптерге негизделет: Кыргыз Республикасынын аймагынын бирдиктүүлүгү жана ажыратылгыстыгы; жалпы мамлекеттик кызыкчылыктар менен тийиштүү аймакта жашаган калктын кызыкчылыктарынын шайкештиги; мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын тийиштүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чекараларынын чегинде жүзөгө ашыруусу; администрациялык-аймактык бирдиктердин өнүгүүсүнүн тең салмактуулугу жана комплекстүүлүгү; бир кыйла ири администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарынын курамына бир кыйла кичирээк администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарынын кошулуусу; администрациялык-аймактык бирдиктердин укуктук статусун алардын багыттарына, жергиликтүү өзгөчөлүктөргө, социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлине жана башка факторлорго ылайык аныктоо; администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин чечүүдө ачык-айкындык жана коомдук пикирди эске алуу.
Берененин тексти 18.07.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202276/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>