# 13-берене. Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин кароо үчүн зарыл керектүү документтер жана материалдар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202276)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 " Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2024 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об административно-территориальном устройстве Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011203)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276#diff=956344..14711>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3709/edition/956343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202276/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу, 13-берене (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-13

---

Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин кароо үчүн Министрлер Кабинети Жогорку Кеңешке:

- киргизилип жаткан сунуштун максатка ылайыктуулугунун тийиштүү негиздемесин жана сунуштамасын, өзгөртүлчү аймактын өлчөмү, ушул аймакта жашап жаткан калктын саны, негизги ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын тизмеги, алардын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, ар биринде иштегендердин саны, жергиликтүү өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдардын түзүмү жана штаттык саны, кайра уюштурууга байланыштуу алардагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды, аталышынын жана кайра аталышынын маселелерин, ошондой эле маселени маңыздуу чечүү үчүн керектүү бардык башка маалыматтарды жана каралып жаткан маселе боюнча тийиштүү жергиликтүү кеңештердин пикирлерин камтыган сунуштаманы;

- администрациялык-аймактык бирдиктердин жаңы чегаралары, маселени маңыздуу чечүү үчүн мааниси бар башка географиялык маалыматтар көрсөтүлгөн схемалык картаны. Картага өкмөттүн өкүлү, ошондой эле аймакты кабыл алуучу жана өткөрүүчү өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдардын жетекчилери кол коюшат, коюлган колдор мөөрлөр менен ырасталат;

- жүргүзүлүп жаткан кайра түзүүлөрдүн жана кайра атоолордун илимий калысбаасынын жана экономикалык эсептөөлөрүнүн актысын тапшырат.

(КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-14)
