# 11-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202276)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 " Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2024 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об административно-территориальном устройстве Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011203)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276#diff=956344..14711>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3709/edition/956343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202276/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу, 11-берене (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-11

---

Областтын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы:

- тийешелүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен, Министрлер Кабинетине тийиштүү областтын чектеринде администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын, алардын аталыштарын жана кайра аталыштарын, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипцияларын аныктоо боюнча сунуштарды киргизет;

- ушул беренеге ылайык райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын сунуштарын карайт.

Райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы тийешелүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен, областтын жергиликтүү мамлекеттик администрациясына тийиштүү райондун чектеринде админстрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын, админстрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталышын жана кайра аталышын, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипцияларын аныктоо боюнча сунуштарды киргизет. (КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-12)
