# 10-берене. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202276)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 " Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2024 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об административно-территориальном устройстве Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011203)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276#diff=956344..14711>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3709/edition/956343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202276/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу, 10-берене (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-10

---

Министрлер Кабинети:

- Жогорку Кеңешке администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын администрациялык борборлорун белгилөө жана которуу, чегараларын белгилөө жана өзгөртүү, калктуу конуштардын категорияларын, администрациялык-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын аталыштарын жана кайра аталыштарын аныктоо тууралу сунуштарды киргизет;

- Жогорку Кеңешке калктуу конуштарды республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлардын категориясына киргизүү тууралу сунуштарды киргизет;

- Министрлер Кабинетинин алдында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча комиссия түзөт;

- Министрлер Кабинетинин алдындагы администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча комиссиянын корутундуларынын негизинде тийиштүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш маселелери боюнча сунуштарды киргизет.

(КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-11)
