# 1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202276)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 " Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2024 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об административно-территориальном устройстве Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/230011203)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276#diff=956344..14711>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3709/edition/956343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202276/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу, 1-берене (18.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү - бул натыйжалуу мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну уюштуруу максаттарында аймактарды администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүштүрүү; администрациялык-аймактык бирдик - бул мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик башкарууну же өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу, өз ичине бир же бир нече калктуу конуштардын жана башка калк отурукташпаган аймактарды камтыган, мыйзам тарабынан аныкталган аймактар; калктуу конуштар - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурулган шаарлар айылдар жана башка калктуу конуштар; калктуу конуштардын категориялары - мыйзамда белгиленген белгилүү статуска ээ болгон администрациялык-аймактык бирдиктердин жыйындысы; область - жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын эске алуу менен мамлекеттик башкаруу жүзөгө ашырылуучу областтык маанидеги шаарлардын аймактарын, ошондой эле ушул областын аймагында жайгашкан райондордун аймактарын бириктирүүчү администрациялык-аймактык бирдик; район - жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыктарын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын компетенцияларын эске алуу менен мамлекеттик башкаруу жүзөгө ашырылуучу, ушул райондун белгиленген чектеринде жайгашкан айылдарды, райондук маанидеги шаарларды бириктирүүчү администрациялык-аймактык бирдик; шаар - бул жергиликтүү коомчулук Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлар түрүндөгү админстрациялык-аймактык бирдик; айыл аймагы - бул жергиликтүү коомчулук Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында белгиленген тартипте жергиликтүү өзалдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу бир же бир нече айылдан турган администрациялык-аймактык бирдик; (абзац КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) айыл - ыңгайлуулуктардын белгилүү деңгээлине жетишкен, калкынын саны 50 адамдан кем эмес, айыл чарба өндүрүшүндө алектенишкен жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрү калктын санынын жарымынан көбүн түзгөн калктуу конуш. (КР 2024-жылдын 18-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202276/st-2)
