# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги №63 " Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу"мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги №63 " Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 63
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202274>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3707/edition/457572/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202274.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги №63 " Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу"мыйзамы (24.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202274

---

Бишкек шаары

2008-жылдын 24-апрели № 63

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында

кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан

Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстан

мамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишимди

ратификациялоо тууралуу

2008-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202274/st-1)

Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз Рес-

публикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстан

мамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишим ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202274/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Келишим белгиленген тартипте

юридикалык күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Талас облас-

тындагы Карабуура районунун Көксай участкасы жана Чүй областындагы Ысы-

ката районунун Дружба айылынын чегинен өтүүчү Бишкек-Торугарт айланып

өтмө автожолунун участкасы боюнча Астана шаарында 2001-жылдын 15-декаб-

рында кол коюлган кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кыргыз

Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Келишимге өз-

гөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө казакстандык тарап менен тий-

иштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202274/st-3)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин

ратификациялоо грамоталарын алмашсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202274/st-4)

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
