Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин « Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу»мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 24-апрели № 63
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында
кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан
Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстан
мамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишимди
ратификациялоо тууралуу
2008-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз Рес-
публикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстан
мамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Келишим белгиленген тартипте
юридикалык күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Талас облас-
тындагы Карабуура районунун Көксай участкасы жана Чүй областындагы Ысы-
ката районунун Дружба айылынын чегинен өтүүчү Бишкек-Торугарт айланып
өтмө автожолунун участкасы боюнча Астана шаарында 2001-жылдын 15-декаб-
рында кол коюлган кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кыргыз
Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Келишимге өз-
гөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө казакстандык тарап менен тий-
иштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдин
ратификациялоо грамоталарын алмашсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 315-IV "2008-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планына кошумча маселелерди киргизүү…Постановление · 10.04.2008 · № 315-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 316-IV "2008-жылдын 11-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2008 · № 316-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 317-IV ""Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында кол коюлганКыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынынортосундагы…Постановление · 11.04.2008 · № 317-IV