# 9-берене. Аскер кызматчысы аскер кызматынан бошонгон же жањы

- Документ: [Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202271)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 60 "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 19.05.2009 [Закон КР от 19 мая 2009 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О материальной ответственности военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/203153)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202271#diff=1037264..4226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3705/edition/1037262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202271/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө, 9-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-9

---

кызмат ордуна которулган учурда зыяндын ордун толтуруу

1. Материалдык жоопкерчиликке тартылган аскер кызматчысы (аскердик

жыйынга чакырылган жаран) келтирилген зыянды аскер кызматынан бошонгон (жыйын аяктаган) күнгө чейин толтурбаса, анын калган карызы соттук тартипте төлөтүп алынат.

2. Зыян келтирген аскер кызматчысы (аскердик жыйынга чакырылган

жаран) аскер кызматынан бошонгон (аскердик жыйын аяктагандыгына байла- ныштуу кеткен) жана материалдык жоопкерчиликке тартылбаган учурда андан зыянды төлөтүп алуу аскердик бөлүктүн командири (зардалы) тарабынан ко- юлган доо боюнча ушул Мыйзамда белгиленген өлчөмдө сот тарабынан жүргү- зүлөт.

3. Жањы кызмат ордуна которулган учурда материалдык жоопкерчиликке

тартылган жана келтирилген зыяндын ордун толтурбаган аскер кызматчысы зыяндын ордун белгиленген эсептөө документтериндеги жазуунун негизинде жањы кызмат орду боюнча толтурат. Эгерде чечим жана зыян келтирген аскер кызматчысын материалдык жоопкерчиликке тартуу ал жањы кызмат ордуна которулганга чейин ишке ашырылбаса, аскердик бөлүктүн командири (зардалы) кызматтык териштирүү, ревизия, текшерүү аяктаган күндөн тартып же тергөө материалдары же сот- тун чечими келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө аскер кызмат- чысын материалдык жоопкерчиликке тартуу үчүн анын жањы кызмат ордуна зарыл болгон материалдарды жиберүүгө милдеттүү. Бул учурда зыяндын ордун толтуруу ушул Мыйзамдын 8-беренесинде ка- ралган тартипте аскер кызматчысынын жањы кызмат ордунда жүргүзүлөт. Ас- кердик бөлүктүн командиринин (зардалынын) зыяндын орду толтурулсун де- ген буйругу аскер кызматчысынын мурдагы кызмат ордунан ушул пунктта көрсөтүлгөн материалдар келип түшкөн күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө чыгарылат. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 163, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-10)
