# 7-берене. Зыян келтирүү билинген учурда кызматтык териштирүү

- Документ: [Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202271)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 60 "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3705/edition/1037262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202271/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө, 7-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-7

---

жүргүзүү

1. Аскердик бөлүктүн командири (зардалы) зыян келтирилгени билин-

ген учурда зыяндын себептерин, анын өлчөмүн жана күнөөлүү адамдарды аныктоо үчүн кызматтык териштирүү дайындоого милдеттүү. Кызматтык те- риштирүү дайындоо менен бирге товардык-материалдык баалуулуктарды не- гизги каттоо китептеринен чыгаруу жана кем чыккандарды (уурдалгандарды жана жоготулгандарды) каттоо китебине киргизүү жөнүндө деген буйрук чы- гарылат. Кызматтык териштирүү зыян келтирүү билинген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө аякташы керек. Зарыл учурларда бул мөөнөт - баш ийүү тартибинде жогору турган ко- мандир (зардал) тарабынан, бирок бир айдан көп эмес узартылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 54-статьясында көрсөтүлгөн учурларда командир (зардал) зыян келтирүүгө күнөөлүү аскер кызматчысын кызмат ордунан четтетүүгө укуктуу.

2. Эгер зыяндын себептери, анын өлчөмү жана күнөөлүү адамдар сот

тарабынан аныкталса, же ревизиянын, текшерүүнүн же тергөөнүн натыйжа- сында аныкталса, кызматтык териштирүү жүргүзүлбөсө деле болот.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-8)
