# 6-берене. Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо

- Документ: [Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202271)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 60 "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2009 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О материальной ответственности военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/203153)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202271#diff=1037262..1037263>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3705/edition/1037262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202271/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө, 6-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-6

---

1. Келтирилген зыяндын өлчөмү - аскердик бөлүктүн мүлкүн эсепке

алуунун негизинде жана зыян келтирилген күнгө карата ошол аймактагы (Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан аскердик бөлүктөр үчүн - турган өлкөдөгү) базар баасына жараша иш жүзүндөгү жоготуулар боюнча, ал эми аскердик бөлүктөргө борбордоштурулуп алынып келүүчү ку- рал-жаракка, аскердик техникага, ок-дарыга, башка мүлккө карата өлчөм ушул ишке ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат.

2. Келтирилген зыяндын өлчөмү зыян келтирилген күнгө карата белги-

ленген нормалар боюнча, бирок ушул мүлктүн таштандысынын (утилинин) ба- асынан төмөн эмес баада мүлктүн эскиришин эске алуу менен аныкталат.

3. Аскердик бөлүктүн штатында (штаттык ырааттамасында) каралбаган

кызмат ордуна аскер кызматчысын (жарандык персоналды) мыйзамсыз дайын- даган учурда зыяндын өлчөмү - аскер кызматчысына (жарандык персоналга) төлөнүп берилген акчалай үлүштүн (төлөнгөн айлык акынын) өлчөмү, ал эми иш жүзүндө аскер кызматчысы (жарандык персонал) ээлеген кызмат ордунан ашык төлөнгөн кызмат ордуна мыйзамсыз дайындалган учурда төлөнүп берил- ген акчалай үлүштүн (төлөнүп берилген айлык акынын) жана иш жүзүндө ээ- леген кызмат орду боюнча акчалай үлүштүн (айлык акынын) ортосундагы айырма менен аныкталат.

4. Ушул Мыйзамдын 5-беренесинин бешинчи абзацында каралган учурда

келтирилген зыяндын өлчөмү башка аскер кызматчыларынын атайылап жасаган иш-аракетинен улам жабыр тарткан аскер кызматчыларынын аскердик-медици- налык мекемелерде жана саламаттык сактоо мекемелеринде дарылануусуна кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар менен аныкталат.

5. Бир нече аскер кызматчысынын күнөөсү боюнча келтирилген орду

толтурулуучу зыяндын өлчөмү күнөөнүн даражасын жана материалдык жооп- керчиликтин түрүн эске алуу менен алардын ар бири үчүн аныкталат.

6. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-7)
