# 5-берене. Аскер кызматчыларынын толук материалдык жоопкерчилиги

- Документ: [Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202271)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 60 "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 15.01.2021 [Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112169)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202271#diff=1037264..4226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3705/edition/1037262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202271/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө, 5-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-5

---

Аскер кызматчылары төмөнкүдөй учурларда зыяндын толук өлчөмүндө материалдык жоопкерчилик тартышат:

- сактоо, ташуу, берүү, пайдалануу жана башка максаттар үчүн мүлк

отчеттуулугуна берилген аскер кызматчысы тарабынан зыян келтирилгенде;

- аскер кызматчысынын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыштын курамынын белгилерин камтыган аракети (аракетсиздиги) менен, сот тарабынан айыптоочу өкүм чыгарылган учурда, ошондой эле ал тергөө органы жана сот тарабынан реабилитацияланбоочу негиздер боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулган учурда;

- мүлктү уурдоонун, атайылап жок кылуунун, бузуунун, мыйзамсыз чыгымдоонун же пайдалануунун натыйжасында же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш курамынын белгилери бар экендигине карабастан атайылап жасалган аракеттин (аракетсиздиктин) натыйжасында зыян келтирилгенде;

- аскер кызматчыларынын атайын жасаган иш-аракетинин натыйжасында

жабыр тарткан аскер кызматчыларынын аскердик-медициналык мекемелерде жана саламаттык сактоо мекемелеринде дарылануусуна чыгым тартышына ки- риптер кылынганда;

- аскер кызматчылары өз ыктыяры менен бањгизат, ууландыруучу зат

же алкоголь менен мас абалга түшкөнүндө. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-6)
