5-берене. Аскер кызматчыларынын толук материалдык жоопкерчилиги
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
Аскер кызматчылары төмөнкүдөй учурларда зыяндын толук өлчөмүндө материалдык жоопкерчилик тартышат:
- сактоо, ташуу, берүү, пайдалануу жана башка максаттар үчүн мүлк
отчеттуулугуна берилген аскер кызматчысы тарабынан зыян келтирилгенде;
- аскер кызматчысынын Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыштын курамынын белгилерин камтыган аракети (аракетсиздиги) менен, сот тарабынан айыптоочу өкүм чыгарылган учурда, ошондой эле ал тергөө органы жана сот тарабынан реабилитацияланбоочу негиздер боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулган учурда;
- мүлктү уурдоонун, атайылап жок кылуунун, бузуунун, мыйзамсыз чыгымдоонун же пайдалануунун натыйжасында же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш курамынын белгилери бар экендигине карабастан атайылап жасалган аракеттин (аракетсиздиктин) натыйжасында зыян келтирилгенде;
- аскер кызматчыларынын атайын жасаган иш-аракетинин натыйжасында
жабыр тарткан аскер кызматчыларынын аскердик-медициналык мекемелерде жана саламаттык сактоо мекемелеринде дарылануусуна чыгым тартышына ки- риптер кылынганда;
- аскер кызматчылары өз ыктыяры менен бањгизат, ууландыруучу зат
же алкоголь менен мас абалга түшкөнүндө. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…зыян келтирилгенде;
- аскер кызматчысынын Кыргыз Республикасынын алынып салынды: жазык кошулду: кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыштын алынып салынды: жана (же) жоруктун курамынын белгилерин камтыган алынып салынды: иш-аракети кошулду: аракети (аракетсиздиги) менен, алынып салынды: кылмыш кошулду: сот тарабынан айыптоочу өкүм чыгарылган учурда, ошондой эле ал тергөө органы жана алынып салынды: (же) жорук жасады деп шектелгендиги тууралуу жазуу жүзүндө кабарлама чыгарууда;
кошулду: сот тарабынан реабилитацияланбоочу негиздер боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулган учурда;
- мүлктү уурдоонун, атайылап жок кылуунун, бузуунун, мыйзамсыз чыгымдоонун же пайдалануунун натыйжасында же Кыргыз Республикасынын алынып салынды: кылмыш-жазык кошулду: кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган кылмыш алынып салынды: жана (же) жорук курамынын белгилери бар экендигине карабастан атайылап жасалган алынып салынды: иш-аракеттин кошулду: аракеттин (аракетсиздиктин) натыйжасында зыян келтирилгенде;
- аскер … түшкөнүндө.
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-январындагы № алынып салынды: 6 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202271/st-5" title="5-берене - Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>