# 4-берене. Аскер кызматчыларынын чектелген материалдык

- Документ: [Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202271)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 60 "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"](https://aqlex.ai/kg/doc/112657); 19.05.2009 [Закон КР от 19 мая 2009 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О материальной ответственности военнослужащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/203153)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202271#diff=1037264..4226>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3705/edition/1037262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202271/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө, 4-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-4

---

жоопкерчилиги

1. Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда байкабастыктан келтирилген зыян үчүн контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, ошондой эле аскердик жыйындарга чакырылган жарандар - өздөрү келтирген зыяндын өлчөмүндө, бирок 50 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес; милдеттүү тартипте чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары ушул Мыйзамда материалдык жоопкерчиликтин башка өлчөмдөрү белгиленгенден башка учурларда 20 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес материалдык жоопкерчилик тартышат.

2. Контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан, контейнерлердин,

вагондордун жана автомобилдердин туруп калгандыгы, аткарылган иштердин көлөмүн көбөйтүп көрсөткөнү, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү бюджеттерге өз убагында төкпөгөндүгү үчүн аскердик бөлүктүн айып төлөөсүнө байланышкан зыяндын болушуна күнөөлүү аскер кызматчылары келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок 100 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес материалдык жоопкерчилик тартышат.

3. Буйруктары, тескемелери мүлктү каттоонун, сактоонун, пайдала-

нуунун, чыгымдоонун, ташуунун белгиленген тартиби бузулушуна алып кел- ген, же анын уурдалышын, жок кылынышын, бузулушун, жарабай калышын, ашыкча акча төлөнүшүн болтурбоо үчүн зарыл чараларды көрбөгөн же аскер- дик бөлүккө келтирилген зыяндын күнөөлүү адамдар тарабынан төлөнүшүнө зарыл чараларды көрбөгөн командирлер (зардалдар) келтирилген зыяндын өлчөмүндө, бирок 100 эсептик көрсөткүчтөн көп эмес материалдык жоопкер- чилик тартышат.

4. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 19-майындагы № 163, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-5)
