# 2-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202271)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 60 "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 60
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3705/edition/1037262/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202271/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө, 2-берене (07.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-2

---

Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдо- нулат: аскердик бөлүктөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ас- кер кызматчылары кызмат өтөөчү аскердик башкаруу органдары (мыйзамда аскердик кызмат каралган министрликтер, ведомстволор, аскердик топтор), бирикмелер, аскердик бөлүктөр, уюмдар, кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелери; командирлер (зардалдар) - аскердик бөлүктөрдүн командирлери (зар- далдары) жана алардын орунбасарлары, аскердик бөлүктөрдүн түзүмдүк бө- лүкчөлөрүнүн командирлери (зардалдары) жана алардын орунбасарлары; аскердик бөлүктүн мүлкү (мындан ары - мүлк) - мамлекеттик менчикте болуп, аскердик бөлүккө бекитип берилген куралдардын, аскердик техника- нын бардык түрлөрү, ок-дары, күйүүчү-майлоочу материалдар, отун, азык-түлүк, буюмдата мүлк жана аскердик мүлктүн башка түрлөрү, жер аян- ты, имараттар, курулмалар, акча жана баалуу кагаздар, дагы башка мате- риалдык каражаттар; анык зыян (мындан ары - зыян) - аскердик бөлүктүн мүлкүнүн жоголу- шу же ага зыян келтирилиши, жоголгон же зыян келтирилген мүлктүн ордун толтуруу үчүн аскердик бөлүк жумшаган же жумшоого тийиш чыгашалар, ошондой эле аскердик бөлүк тарабынан сарпталган ашыкча акчалай төлөм- дөр.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202271/st-3)
