2-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдо- нулат: аскердик бөлүктөр - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ас- кер кызматчылары кызмат өтөөчү аскердик башкаруу органдары (мыйзамда аскердик кызмат каралган министрликтер, ведомстволор, аскердик топтор), бирикмелер, аскердик бөлүктөр, уюмдар, кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелери; командирлер (зардалдар) - аскердик бөлүктөрдүн командирлери (зар- далдары) жана алардын орунбасарлары, аскердик бөлүктөрдүн түзүмдүк бө- лүкчөлөрүнүн командирлери (зардалдары) жана алардын орунбасарлары; аскердик бөлүктүн мүлкү (мындан ары - мүлк) - мамлекеттик менчикте болуп, аскердик бөлүккө бекитип берилген куралдардын, аскердик техника- нын бардык түрлөрү, ок-дары, күйүүчү-майлоочу материалдар, отун, азык-түлүк, буюмдата мүлк жана аскердик мүлктүн башка түрлөрү, жер аян- ты, имараттар, курулмалар, акча жана баалуу кагаздар, дагы башка мате- риалдык каражаттар; анык зыян (мындан ары - зыян) - аскердик бөлүктүн мүлкүнүн жоголу- шу же ага зыян келтирилиши, жоголгон же зыян келтирилген мүлктүн ордун толтуруу үчүн аскердик бөлүк жумшаган же жумшоого тийиш чыгашалар, ошондой эле аскердик бөлүк тарабынан сарпталган ашыкча акчалай төлөм- дөр.
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202271/st-2" title="2-берене - Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>