# 6-берене

- Документ: [Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202270)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 59 "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 1 февраля 2023 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112485)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 января 2014 года № 23 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О переписи населения и жилищного фонда"](https://aqlex.ai/kg/doc/205245)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202270#diff=1222576..1222577>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202270/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3704/edition/1222576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202270/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө, 6-берене (01.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202270/st-6

---

Эл жана турак жай фонду каттоо калк жашаган турак үйлөрдү жана калк жашашы мүмкүн болгон турак эмес имараттарды кыдыруу жана атайын ыйгарым укугу бар адамдар (каттоочулар, эсептөөчүлөр) ар бир адамды сурамжылоо же каттоо документтериндеги тиешелүү суроолорго алардан жазуу жүзүндө жооп алуу негизинде каттоо документтерин толтуруу жолу менен жүргүзүлөт. Үй чарбасынын (үй-бүлөнүн) жаш мүчөлөрү жана убактылуу болбогондору жөнүндө маалыматтарды анын чоң мүчөлөрү берет. Калктын айрым категориялары (аскер кызматындагылар, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн кызматчылары) тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте катталат. Каттоо документине жазуу жашаган жерине катталгандыгына жана анын мүнөзүнө (туруктуу же убактылуу) жана турак жай аянтына укугуна карабастан иш жүзүндө жашаган жери боюнча документ менен ырастабастан элдин оозеки же жазуу жүзүндө берген маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт. (КР 2014-жылдын 30-январындагы № 23 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202270/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202270/st-7)
