# 5-берене

- Документ: [Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202270)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-апрелиндеги № 59 "Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.02.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 1 февраля 2023 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об официальной статистике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112485)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202270/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3704/edition/1222576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202270/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө, 5-берене (01.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202270/st-5

---

Эл жана турак жай фондун каттоо учурунда эсепке алуунун негизги бирдиктери: Адам - Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган жарандыгы жок адам, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо учурунда убактылуу болбогон Кыргыз Республикасынын жараны. Үй чарбасы - турак жайда чогуу жашаган жана өз каражаттарын толук же жарым жартылай бириктирүү жана чыгымдоо менен орток чарба жүргүзүп, өздөрүн тиричиликке зарыл бардык нерселер менен камсыз кылган адамдар же адамдар тобу жүргүзүүчү иш. Бул адамдар никелик-үй-бүлөлүк, бир туугандык мамиледеги байланышта же болбосо мындай мамилелерсиз байланышта болушу мүмкүн. Үй-бүлө - никеге же тууганчылыкка негизделген же чогуу жашагандыгына, турмуш-тиричилигинин жана өз ара жоопкерчилигинин жалпылыгына байланыштуу адамдардын бирикмеси. Турак жай - бир же андан ашуун адамдын өзүнчө бөлүнгөн, обочолонгон демейки жашаган орду. Турак жай же турак жай бирдиги, же адамдар чогуу жашоочу башпаана болушу мүмкүн. Турак жай бирдиги - бир үй чарбасынын жашоо үчүн арналган же арналбаган, бирок үй чарбасы же турак жай фондун каттоо учурунда үй чарбасы тарабынан демейки тиричилик үчүн пайдаланылган өзүнчө үй чарбасынын обочолонгон жана көз карандысыз тиричилик өткөрчү (турак үй же квартира, бөлмө) жери.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202270/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202270/st-6)
