# 9-статья. Жеке маалыматтардын субъектинин анын жеке маалыматтарын берүүгө жана иштетүүгө макулдугу

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2017 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информации персонального характера"](https://aqlex.ai/kg/doc/111636)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269#diff=1239266..1239267>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 9-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-9

---

1. Жеке маалымат субъекти бул Мыйзамдын 15-статьясында каралган учурларды кошпогондо өзүнүн ар кандай жеке маалыматтарын башка бирөөгө берүү жөнүндө маселени өз алдынча чечет жана аны алуу фактысы далилдене тургандай таризде аны иштетүүгө эркин түрдө, билип туруп аң-сезими менен макулдугун берет. Жеке маалыматтар субъект тарабынан же болбосо анын ишенимдүү адамы тарабынан берилет.

Субъекттин макулдугу кагаз жүзүндө жазуу түрүндө же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга коюлган электрондук документ таризинде билдирилиши керек.

2. Өзүнүн эркиндигин жана укуктарын ишке ашыруу максатында субъект маалыматтарды жана алардын өзгөрүлүшү жөнүндө маалыматты өзүнүн компетенциясынын чегинде жеке маалымат менен иштегенге укугу бар тийиштүү мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берет.

3. Өзүнүн жеке маалыматтарын көрсөтүүнүн алдында субъект жеке маалымат массивин кармоочусунан (ээсинен) чогултула турган маалыматтардын тизмеги, аларды чогултуу жана колдонуу негиздери жана максаттары менен тааныш болушу керек, жеке маалыматтарды үчүнчү тарапка берүү мүмкүнчүлүгү жана жеке маалыматтарды башкача колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алышы керек.

4. Жеке маалымат субъекти өзүнүн маалыматтарын көрсөтүүдөн баш тарткан учурда өзүнүн баш тартуусунун себебин көрсөтпөөгө укугу бар.

5. Жеке маалыматтардын субъектинен жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга анын макулдук бергендигин далилдеп берүү же ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "б" пунктчасында, 15-статьясынын 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздердин болгондугунун далилдеп берүү милдеттенмеси жеке маалыматтар массивин кармоочуга (ээсине) жүктөлөт.

6. Жеке маалыматтардын субъектинен анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштетүүгө, аны менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү максаттарын кошкондо, электрондук документ таризинде макулдугун алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтому

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-10)
