# 7-статья. Жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдери

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 7-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-7

---

1. Коомду маалымат менен камсыз кылуу максатында жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдери түзүлүшү мүмкүн (маалымдамалар, телефон китептери, дарек китептери ж.б.).

2. Жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдерине субъекттин кат түрүндө макулдугу боюнча төмөнкү жеке маалыматтар киргизилиши мүмкүн - аты-жөнү, туулган жери жана жылы, жашаган жеринин дареги, байланыш телефонунун номери, кесиби жөнүндө маалымат, субъект өзү берген жана/же жеке маалыматтардын башка жалпыга жеткиликтүү массивдеринен, ачык булактардан алынган башка маалыматтар, эгер алар жеке маалымат субъекттин макулдугу менен түзүлсө.

3. Эгерде жеке маалыматтарды жалпыга жеткиликтүү массивинин кармоочусу (ээси) жеке маалыматтардын ачык булактардан же жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү башка массивдеринен алган болсо, жалпыга жеткиликтүү массивин кармоочу (ээси) субъекттин суроо-талабы боюнча анын жеке маалыматтарынын мазмуну, аларды алган булактары жана колдонуу максаты жөнүндө бир жумалык мөөнөттө маалымдашы керек.

4. Конкреттүү субъекттин жеке маалыматтары, жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивинен басмадан чыккан учурда кийинки тиражынан ошол субъекттин тескемесинен же укук коргоо органдын чечиминин негизинде токтоосуз алынып салынат.

5. Жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массиви үчүн купуялуулук режим белгиленбейт.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-8)
