# 6-статья. Жеке маалыматтардын укуктук режими

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июля 2022 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информации персонального характера"](https://aqlex.ai/kg/doc/112388)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.07.2022 [Закон КР от 12 июля 2022 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информации персонального характера"](https://aqlex.ai/kg/doc/112388); 29.11.2021 [Закон КР от 29 ноября 2021 года № 142 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в рамках защиты прав участников уголовного судопроизводства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112323)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269#diff=1239269..1239270>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 6-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-6

---

1. Кармоочунун (ээсинин) карамагында болгон жеке маалыматтар ушул Мыйзамда белгиленген учурдан башка жашырын маалымат болуп саналат.

2. Жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) жана иштеп чыгуучу ошол маалыматтарга уруксатсыз кирүүгө жол берилбеши үчүн, аларды жаап коюуга же өткөрүп берүүгө жана аларды капысынан же санкциясыз жок кылууга, өзгөртүүгө же жоготуп жиберүүгө жол берилбеши үчүн жеке маалыматтардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү.

3. Жеке маалыматтардын купуялуулук (жашырындык) режими төмөнкү учурларда алынат:

- жеке маалыматтар ээсиздендирилгенде;

- жеке маалымат субъектинин каалоосу боюнча.

4. Укук коргоо органдардын аракетинин натыйжасында алынган жеке маалыматтардын укуктук режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

41. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында жеке маалыматтар менен иштөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Субъекттин каалоосу боюнча анын жеке маалыматтары үчүн жалпыга жеткиликтүү маалымат режими (библиографиялык маалымдамалар, телефон жана дарек китептери, жеке кулактандыруулар ж.б.) белгилениши мүмкүн. Сот акыйкаттыгын ишке ашыруу жана сот актысын аткаруу учурларында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу, улуттук коопсуздук, терроризмге жана коррупцияга каршы аракеттенүү, изин-суутпай иликтөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка учурларда маалымат жалпы мүнөзгө ээ болууга тийиш болгон учурлар кирбейт.

6. Жеке маалыматтардын субъекти каза болгонун мамлекеттик каттоо учурунан тартып адамга "каза болгон" деген статус берилет. Каза болгон субъекттин жеке маалыматтары архивдештирилүүгө жана сакталууга тийиш.

7. Каза болгон адамдын жеке маалыматтарын коргоо башка адамдар тарабынан, анын ичинде мураскорлору тарабынан да Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142, 2022-жылдын 12-июлундагы № 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-7)
