# 5-статья. Жеке маалыматтар менен жумушту жүзөгө ашырууда укуктук негиздер

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 5-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-5

---

Жеке маалымат массивин кармоочусу (ээси) тарабынан жеке маалыматтар менен жумуш төмөнкү учурларда гана жүргүзүлүшү мүмкүн:

- эгерде жеке маалымат субъекти аны менен иш жүргүзүүгө өзүнүн макулдугун берсе;

- мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциясын аткаруу үчүн зарыл болгон учурда;

- кармоочулардын (ээлердин) мыйзамдуу кызыкчылыгына жетүү үчүн керек болгон учурда;

- эгерде ал кызыкчылыгын ишке ашыруу жеке маалыматтарды иштеп чыгууда жеке маалымат субъекттердин эркиндигин жана укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбаса;

- жеке маалымат субъектинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурда;

- эгерде жеке маалыматтарды иштеп чыгуу журналистика, көркөм же адабий чыгармачылык максатында гана жеке турмуштун жана сөз эркиндигинин кол тийбестик укугун сактоо менен мындай аракеттер жеке маалыматтар субъекти менен макулдашып жүзөгө ашырылганда.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-6)
