# 4-статья. Жеке маалыматтар менен иштөөнүн негизги принциптери

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 4-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-4

---

1. Жеке маалыматтар ушул Мыйзамда каралган тартипте алынып, иштелип чыгышы керек.

2. Жеке маалыматтар так жана алдын ала аныкталган жарыяланган жана мыйзамдуу максаттарга чогултулушу керек, бул максаттарга каршы колдонулушу жана мындан ары да ушул максаттарга кандайдыр бир туура келбей турган ыкмалар менен иштеп чыгууга тыюу болбойт.

3. Алгачкы маалыматтар так болушу керек жана зарылчылыкка жараша жаңыланышы керек.

4. Жеке маалыматтарды топтоо максатын талап кылган мөөнөттөн узак сакталбашы керек, максатын жеткенден же зарылдыгы өткөндөн кийин ал жоюлууга тийиш.

5. Тарыхый же башка максаттарга узак мөөнөткө сакталган жеке маалыматтар үчүн алардын корголушун камсыз кылууга керектүү кепилдиктер белгилениши зарыл.

6. Маалыматты автоматташтырып иштеп чыгуу үчүн ар кандай максатта кармоочулар (ээлери) тарабынан чогултулган жеке маалымат массивдерин бириктирүүгө уруксат берилбейт.

7. Жеке маалыматтар мыйзамсыз жеткиликтүү болгондон, толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн жана жок кылуудан жеке маалымат массивдерин кармоочулары (ээлери) тарабынан сакталышы жана корголушу керек.

8. Жеке маалыматтар менен иштөөнүн негизги принциптери биротоло бүткөн мүнөзгө ээ болбойт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толукталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-5)
