3-статья. Терминдер жана аныктамалар
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2017 года № 129
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат: Жеке мүнөздөгү маалыматтар (жеке маалыматтар) - конкреттүү адам жөнүндө материалдык сактоочулар жазылган маалымат, ал конкреттүү адам менен окшоштурулат же окшоштурулушу мүмкүн, ушул адамды түз же кыйыр анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык түрдүүлүгү үчүн анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык идентификация үчүн мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоо жолу менен идентификациялоого мүмкүндүк берет. Жеке маалыматка: өмүр баяны жана таанууга арналган маалыматтар, жеке мүнөздөмөлөр, үй-бүлөлүк абалы, каржылык абалы, ден соолугу ж.б. жөнүндө маалыматтар кирет. Жеке маалыматтар тизмеси - бир субъект жөнүндө маалыматтар категорияларынын тизмеси. Жеке маалыматтар массиви - маалыматты алып жүрүүчүнүн түрүнө жана аларды иштеп чыгууда колдонулган каражаттарга карабастан (архивдер, картотекалар, маалыматтардын электрондук базасы ж.б.) аныкталбаган сандагы субъекттердин жеке маалыматтары таризделген жыйынды. Жеке маалыматтардын жалпыга жеткиликтүү массивдери - жалпы колдонууга арналган жана аларга жетүү кандайдыр бир мыйзам менен чектелбеген жеке маалыматтар массиви (маалымдамалар, телефон китептери, даректер китептери ж.б.). Жеке маалыматтардын купуялуулук режими - жеке маалыматтарга жетүү аларды өткөрүп берүү, көрсөтүү жана сактоо шарттарынын чектелишин аныктаган ченемдик жактан белгиленген эрежелер. Жеке маалыматтар субъекти (субъект) - тиешелүү жеке маалыматтар таандык болгон адам. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) - ушул Мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын чогултулушун, сакталышын, иштеп чыгышын жана пайдаланышын контролдогон, жеке маалыматтардын максатын жана категорияларын аныктоо ыйгарым укугу жүктөлгөн мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар. Жеке маалыматтар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) - жеке маалыматтарды иштеп чыгууну ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүүнү, жеке маалыматтардын субъекттеринин (субъекттердин) укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, Жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү, ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды камсыз кылуу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган. Иштеп чыгуучу - жеке маалыматтын кармоочу (ээси) аныктаган, аны менен түзүлгөн келишимдик негизде жеке маалыматты иштеп чыгууну жүзөгө ашырган жеке же юридикалык жак. Жеке маалыматтарды алуучу - ушул Мыйзамга ылайык жеке маалыматтар берилген жана көрсөтүлгөн юридикалык же жеке жактар, мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке маалыматтар субъекти (субъект). Жеке маалыматтарды чогултуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) тарабынан ошол маалыматтардын субъектинен же башка булактардан мыйзамдуу негизде жеке маалыматтарды алуу жолжобосу. Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу - жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топторго бөлүү, жаап коюу, өчүрүү же бузуу максатында автоматташкан каражаттар менен же андай болбогондо жеке маалыматтарды кармоочунун (ээсинин) тапшырмасы-боюнча ыкмага карабай аткарылган операциялар топтому же ар кандай операция. Жеке маалыматтар субъектинин макулдугу - ушул Мыйзамда каралган формада адамдын таризде эркин, конкреттүү, сөзсүз жана түшүнүү менен өз эркин билдирүүсү, ага ылайык субъект өзүнүн жеке маалыматтары менен иш жүргүзүү аркылуу байланышкан жол-жоболорду аткарууга макулдугун бергендиги жөнүндө билдирүүсү. Жеке маалыматтарды өткөрүп берүү - ушул Мыйзамга жана эл аралык келишимдерге ылайык жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан үчүнчү жактарга жеке маалыматтарды өткөрүп берүү. Жеке маалыматтарды трансчегаралык өткөрүп берүү - жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) тарабынан башка мамлекеттердин юрисдикциясындагы жеке маалыматтарды кармоочуларга (ээлерине) өткөрүп берүү. Жеке маалыматтарды актуалдаштыруу - Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жол-жоболорго ылайык жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү изин-суутпай киргизүү. Жеке маалыматтарды жаап коюу - жеке маалыматтарды өткөрүп берүүнү, такталышын, пайдаланышын жана жоюлушун убактылуу токтотуу. Жеке маалыматтарды жок кылуу (өчүрүү же бузуу) - жеке маалыматтарды кармоочунун (ээсинин) ошол маалыматтарды калыбына келтирилбес абалга жеткирүү боюнча аракети. Жеке маалыматтарды ээсиздендирүү - жеке маалыматтардан аларды конкреттүү адам менен окшоштурган бөлүгүн алып салуу. Жеке маалыматтардын тутуму - маалымат базасында сакталган жеке маалыматтардын жана аларды иштетүүнү камсыз кылуучу маалымат технологияларынын жана техникалык каражаттардын жыйындысы. (КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 142 "Сырткы видео байкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо…Постановление · 17.03.2014 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202269/st-3" title="3-статья - Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>