# 291-статья. Ыйгарым укуктуу орган

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2017 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информации персонального характера"](https://aqlex.ai/kg/doc/111636)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269#diff=1239266..1239267>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 291-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-291

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеке маалыматтарды иштетүү ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келишин контролдоону, жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону камсыз кылуу жүктөлөт.

2. Ыйгарым укуктуу орган чет мамлекеттердеги жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү, атап айтканда жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча маалыматтарды эл аралык деңгээлде алмашуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдар менен кызматташууну жүзөгө ашырат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоо боюнча чечимдери "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тууралуу жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-29)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-30)
