# 28-статья. Жеке маалыматтарды актуалдаштыруу

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2017 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информации персонального характера"](https://aqlex.ai/kg/doc/111636)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269#diff=1239266..1239267>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 28-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-28

---

1. Жеке маалымат массивин кармоочу (ээси) өзүндө болгон жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү ошол жаңы маалыматтардын аныктыгын документалдык ырасталган учурда киргизет:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда;

- (абзац КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- ушул Мыйзамдын 11-статьясына ылайык жеке маалыматтар субъектисинин демилгеси боюнча жеке маалыматтар өзгөртүлүүгө жаткан болсо.

2. Жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү ошол маалыматтардын субъектисинин талабы боюнча киргизүү анын арыз жазган күнүнөн бир жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт. Кармоочунун (ээсинин) демилгеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү ички эрежелерге ылайык жүргүзүлөт.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-29)
