# 27-статья. Жеке маалыматтарды сактоо

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 27-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-27

---

1. Жеке маалыматтар аны чогулткан максаттарды аткаруу үчүн керектүү мөөнөттөн узак сакталбашы керек. Сактоо мөөнөтү жеке маалымат субъектисинин кызыкчылыгында же ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда узартылышы мүмкүн. Сактоо мөөнөтү бүткөндө жана жеке маалыматтарды чогултуу максатына жеткенден кийин алар эки жуманын ичинде жок кылынат. Жок кылуу акт менен ырасталат.

Тарыхый, социологиялык, медициналык жана башка илимий максаттарда айрым субъекттердин жеке маалыматтарынын маанилүүлүгүнө карап, аларды жок кылуунун ордуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте массив кармоочу (ээси) тарабынан мындай жеке маалыматтарды ээсиздендирүүгө жол берилет.

2. Сактоо мөөнөтү бүткөндө, жеке маалыматтарды чогултуу максатына жеткенден кийин жеке маалыматтарды сактоо зарылчылыгы жөнүндө чечим белгиленген тартипте кабыл алынган учурда, жеке маалымат массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтарды сактоонун тийиштүү режимин камсыз кылууга жана ал жөнүндө жеке маалымат субъектине билдирүүгө милдеттүү.

3. Айрым жеке маалыматтар (өздүк иштер, метрикалык китептер ж.б.) алардын практикалык керектиги өткөндөн кийин алар туруктуу сактоодо калышы мүмкүн жана архивдик документтин статусун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка статус алышат.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-28)
