# 24-статья. Жеке маалыматтарды өткөрүп берүү

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2017 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информации персонального характера"](https://aqlex.ai/kg/doc/111636)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269#diff=1239266..1239267>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 24-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-24

---

1. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) ал маалыматтарды башка кармоочуга (ээсине) жеке маалыматтар субъектинин макулдугусуз төмөнкү учурларда өткөрүп берүүгө укуктуу:

- жеке маалымат субъектинин кызыкчылыгын коргоо үчүн өтө зарыл болгон учурда;

- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча, эгерде суралып жаткан жеке маалыматтардын тизмеги сурап жаткан органдын ыйгарым укугуна ылайык келсе;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде.

2. Жеке маалымат массивин кармоочу (ээси) жеке маалымат субъектине анын жеке маалыматтары үчүнчү тарапка өткөрүп берилгендиги жөнүндө маалыматты бир жуманын ичинде каалаган таризде билдириши керек. Жеке маалымат субъектине анын жеке маалыматтары үчүнчү тарапка өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө маалыматты билдирүүнүн тартиби жана таризи Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтому

3. Жеке маалыматтарды өткөрүп берүүдө алуучуга ошол маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо милдети жүктөлөт.

4. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарына чогултулган жеке маалыматтар мамлекеттик бийлик органдарына жана бюджеттик чөйрөдөгү уюмдарга, ошондой эле жеке маалыматтар субъекттин өзүнө акысыз берилет.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-23)  
Кийинки берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-25)
