# 22-статья. Жеке маалыматтарды өз ара алмашууда мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2017 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информации персонального характера"](https://aqlex.ai/kg/doc/111636)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269#diff=1239266..1239267>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 22-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-22

---

1. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн аракетинде жеке маалыматтардын мамлекеттик башка кармоочуларында (ээлеринде) болгон жеке маалыматтарды пайдаланышы мүмкүн, мында жеке маалыматтар менен ишти жүзөгө ашырууга укуктук негиздер болгондо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин алкагында гана ушул Мыйзамда белгиленген тийиштүү талаптарга ылайык жеке маалыматтардын маалымат тутумдарын жаратууга укуктуу..

2. Мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жеке маалыматтардын түрдүү кармоочуларынан (ээлеринен) алынган жеке маалыматтардын топтолгон массивдерин жана маалымат тутумдарын түзүүгө уруксат берилбейт.

3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды мамлекеттик башка кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалымат массивдеринин пайдаланышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган, жогору турган инстанциялар, укук коргоочу органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-23)
