22-статья. Жеке маалыматтарды өз ара алмашууда мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2017 года № 129
1. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн аракетинде жеке маалыматтардын мамлекеттик башка кармоочуларында (ээлеринде) болгон жеке маалыматтарды пайдаланышы мүмкүн, мында жеке маалыматтар менен ишти жүзөгө ашырууга укуктук негиздер болгондо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын жана милдеттеринин алкагында гана ушул Мыйзамда белгиленген тийиштүү талаптарга ылайык жеке маалыматтардын маалымат тутумдарын жаратууга укуктуу..
2. Мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жеке маалыматтардын түрдүү кармоочуларынан (ээлеринен) алынган жеке маалыматтардын топтолгон массивдерин жана маалымат тутумдарын түзүүгө уруксат берилбейт.
3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды мамлекеттик башка кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалымат массивдеринин пайдаланышын контролдоо Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамына ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган, жогору турган инстанциялар, укук коргоочу органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-марты № 156 "Турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны…Постановление · 22.03.2023 · № 156
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 158 "Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды…Постановление · 22.03.2023 · № 158
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202269/st-22" title="22-статья - Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>