# 21-статья. Жеке маалыматтарды коргоонун уюштуруу жана техникалык чаралары

- Документ: [Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202269)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 58 "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 179 "О введении в действие Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029899)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2017 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об информации персонального характера"](https://aqlex.ai/kg/doc/111636)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269#diff=1239266..1239267>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3703/edition/1239266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202269/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө, 21-статья (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-21

---

1. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жана иштеп чыгуучу жеке маалыматтарды коргоо үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруу жана техникалык чараларды көрүүгө жана (же) алардын кабыл алуусун камсыз кылууга, жеке маалыматтарга мыйзамсыз же капыстан жетүүдөн, өзгөртүүдөн, жабуудан, көчүрүүдөн, башка бирөөгө берүүдөн, жеке маалыматтарды жайылтуудан, ошондой эле жеке маалыматтарга карата башка мыйзамсыз аракеттерден коргоону камсыз кылууга милдеттүү.

2. Жеке маалыматтарды иштеп чыгууда жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) жана иштеп чыгуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулган жабдуулар башка адамдарга жеткиликтүү болбой тургандыгын камсыз кылууга (жеткиликтүүлүктү контролдоо);

- маалымат сактоочу ээн баштык менен окууга, көчүрүүгө, өзгөртүүгө же алып чыгууга тоскоолдук кылууга (маалымат сактоочу пайдаланууну контролдоого);

- жеке маалыматтарды ээн баштык менен жаздырууга жана жазылган жеке маалыматтарды өзгөртүүгө же өчүрүүгө (жазгандыгын контролдоо) тоскоолдук кылууга жана жеке маалыматтар качан, кайсы жана ким тарабынан өзгөртүлгөндүгүн кийин аныктоо мүмкүндүгүн камсыз кылууга;

- маалыматтарды берүү каражаттарына карабай жеке маалыматтарды ташууга арналган маалыматтарды иштеп чыгуу тутумдарынын коопсуздугун камсыз кылууга (маалыматтарды берүү каражаттарын контролдоо);

- маалыматтарды иштеп чыгуу тутумдарынын ар бир пайдалануучусу иштеп чыгуу үчүн өзүнө уруксат берилген жеке маалыматтарга гана жеткиликтүү болушун камсыз кылууга ( контролдоо);

- маалыматтарды иштеп чыгуу тутумуна качан, кайсы жана ким тарабынан жеке маалыматтар киргизилгендигин кийин аныктоо мүмкүндүгүн камсыз кылууга (маалымат киргизүүнү контролдоо);

- жеке маалыматтарды өткөрүп берүүдө жана ташууда аларды уруксатсыз окууну, көчүрүүнү, өзгөртүүнү жана жок кылууну болтурбоого (транспорттук контролдоо);

- жеке маалыматтарды иштеп чыгууда алынган маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга;

- жеке маалыматтардын маалымат тутумдарында иштетилип жаткан жеке маалыматтарды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген талаптардын аткарылышын камсыз кылуу, алардын аткарылышы жеке маалыматтардын корголушунун белгиленген деңгээлин камсыз кылат;

- жеке маалыматтарды алып жүрүүчү машиналардын эсебин каттоо;

- мыйзамсыз кирүүнүн кесепетинен өзгөртүлгөн же жок кылынган жеке маалыматтарды калыбына келтирүүнү камсыз кылуу.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда алардын корголушунун деңгээлин, жеке маалыматтардын маалымат тутумдарында аларды иштетүүдө жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо боюнча талаптарды белгилейт, алардын аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылат.

(КР 2017-жылдын 20-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 760 "Жеке маалыматтарды маалымат тутумдарында иштетүү учурунда аткарылышы жеке маалыматтардын корголушун белгиленген деңгээлде камсыз кылуучу, жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коргоого талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202269/st-22)
